
БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Ички Тянь-Шандын чыгышында; түндүгү-нөн Кара-Сай өрөөнү (Нарын д-нын алабы), түштүгүнөн Жагалмай, Эми-ген-Кайнар, Кичи-Үзөнгү-Кууш өрөөн-дөрү м-н чектешет. Чыгыштан (структурасы б-ча) Какшаал тоо тизмегине кошулуп, батышта Нарын тоосунан Кара-Көл өрөөнү аркылуу бөлүнүп турат. Уз. 70 км, туурасы 12-16 км. Орт. бийик. 4700-4100 м, эң бийик чокусу 4944 м (Чакыр-Корум). Палеозой заманында пайда болгон аки таш, гранит ж-а мрамор тектеринен түзүлгөн. Неотектон. түзүлүшү - антикли-норий-горст. Бул кырка тоо өтө тил-меленген, бат. тарабындагы беттерде бир аз түзөң жерлер (байыркы дену-дациялык деңгээл) бар. Батышты карай Чоң Борколдой ж-а КИЧИ Бор-колдой деген 2 тарамга ажырайт. Мөңгүлөрдөн (айрымдарынын аянты 8 км2) Ашуу-Төр, Борколдой, Чакыр-Корум, Жагалмай суулары башталат. Антропоген мезгилинин башында тоонун көп бөлүгүн муз каптап жаткан. Негизинен талаа, субальпы, альпы ж-а нивалдык алкактар мүнөздүү. Күңгөй жагынан кургак талаа ж-а бийик тоолуу такырлар кездешет.
БОРКОЕВ Жакыпалы (10. 2. 1933-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Улуу-Чат кыш. ) - сов. геолог. Фрунзе политех, ин-гунун тоо-геол. ф-тетин бүтүргөн (1956). Кыргыз ССР геол. башкармасынын геол. чалгындоо партияларын-да геолог (1956), башкы геолог (1970) болуп иштейт. Түш. Кырг-ндагы сы-маптын ири кендеринин бирин ачуу ж-а чалгындоо жумуштарына активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз ССР Мамл. сыйлыгы (1973) ыйгарылган. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
БОРКО - Ош обл-нын Ноокат р-нундагы Кыргыз-Ата сельсоветине караштуу кыштак. Тельман атн. к-здун аймагында, Кыргыз-Ата суусунун оң жээгинде, р-ндун борбору Эски-Ноо-каттан 7 км түн. -чыг. тарапта, Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 50 км. Калкы 1350 (1971). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, клуб бар.
Ад. : Памяти академика А. А. Борисяка. [Сб. СТ. ], М. -Л., 1949; А. А. Борисяк, М. - Л., 1947.
БОРИСЯК Алексей Алексеевич [22. 7(3. 8). 1872-25. 2. 1944] - сов. палеонтолог ж-а геолог, СССР ИАнын акад. (1929; мүчө-корр., 1921). Петербург тоо-кен ия-тун бүтүргөн (1896). Геол. комитетте иштеп, 1932-жылга чейин анын палеонтология бөлүмүн башкарган. Ленинград тоо-кен ин-ту-нун проф. ж-а тарыхый геол. кафедра башчысы (1911-30), Москва мамл. ун-тинин палеонтология кафедрасын уюштуруучу ж-а анын жетекчиси (1939-42). СССР ИАнын Палеонтология ин-тун түзүүнүн демилгечиси ж-а директору (1930-44). Ал омурткалуу-лар падеонтологиясынын сов. мектебинин башында турган. Б-тын негизги эмгектери фация м-н жалпы па-леонтологияны, юра мезгилинин мол-люскаларын, омурткалуулар, айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн палеонтологиясын изилдөөгө арналган. Жер тарыхын физ. -геогр. шарттар м-н орг. тиричиликтин бирдиктүү өнүгүшү катары эсептеген. Чыг. : Основные проблемы эволюционной палеонтологии, М. -Л., 1947; Избранные труды, к 100-летию со дня рождения, М., 1973.
БОРИСОВ - БССРдин Минск обл-да-гы шаар. Березина д-дагы пристань, т. ж. станциясы, шоссе жолдорунун тоому. Калкы 84 миң (1970). Машина "УРУУ! металл ж-а жыгач иштетүү, химия, тамак-аш ө. ж-лары, пианино ("Беларусь") ф-касы, темир-бетон ж-а айнек з-ддору, мед. окуу жайы, политехникум, край таануу музейи бар. Шаарды 1102-ж. Полоцк князы Борис Всеславич негиздеген.
БОРИСЕВИЧ Николай Александрович (21. 9. 1923-ж. т., Минск губ., Игу-менск у., Лучной Мост с. )-сов. физик, БССР ИАнын акад. (1969), президенти (1969). 1945-жылдан КПССтин мүчөсү. Белорус ун-тин бүтүргөндөн кийин (1950) БССР ИАнын Физ. ин-тунун директоруна орун басар (1955-69) ж-а инфра кызыл нурлар физикасынын лабораториясын башчы болгон (1955-ж-дан). Негизги ил. эмгектери газ фазасынын татаал молекулаларынын люминесценциясын, инфра зызыл спектроскопия ж-а квант электроника сын изилдөөгө арналган. Дүүлүккөн молекулалардын темп-расын ж. б. мүнөздөмөлөрүн оптикалык жол м-н аныктоо методун иштеп чыккан. Инфра кызыл жутулуу таякелеринин интенсивдүүлүгү-нүн темп-радан болгон интегралдык көз карандылыгын ачкан. О. эле спек-трдин инфра кызыл зоналары үчүн дисперсиялык чыпкалардын жаңы түрлөрүн түзгөн. СССР Жог. Советинин (7-9-шайл. ) депутаты. СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты (1972).
БОРИС ГОДУНОВ (1552-1605) - орус падышасы (1598-1605). Бояр Федор Годуновдун уулу, падыша Иван IV нүн сарайында тарбияланган. Иван IV өлгөндө (1584), кем акыл падыша Федорго карындашын берин, өзү бийлик жүргүзгөн. Баласыз падыша Федор өлгөн соң Земский со-бордо 1598-ж. 17-февр. падыша болуп шайланган. Ал жөндөмдүү мамл. ишмер катары дворяндардын мүдөө-сүн көздөп, алардын бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Крепостной укукту күчөтүү м-н чарбанын бүлү-нүшүн токтотууга далалат жасаган. Тышкы саясатта Ливон согушунда олжого кеткен айрым жерлерди кайтарып, орус мамлекетинин эл аралык абалын чыңдоого жетишкен. Б. Г. сурап турган чакта крепостной эзүүнүн айынан кубаттуу дыйкандар көтөрү-лүштөрү чыккан. Ал 1605-ж. 13-ап-релде, Жалган Дмитрий I менен каршылашуу күчөп турган мезгилде, капыстан каза болгон. Тактыга анын ба-лакатка жете элек уулу Федор отурган, бирок ал москвалыктардын көтө-рүлүшүндө (1. 5. 1605) киши колдуу болуп өлгөн. Ошону м-н Годуновдор-дун бийлиги биротоло бүткөн.
БОРИДДЕР - бор м-н металлдардын бирикмелери. Б. - эрүү ж-а кайноо темп-ралары жогору (1800-3200`) болгон катуу заттар; металлдын ж-а бордун күкүмдөрүнүн аралашмасын ысытуу, металл кычкылына бор кар-бидин таасир этүү жолдору м-н алынат. Б. авиацияда, ракета курууда, электрондук приборлордун катоддо-рун жасоодо ж. б. колдонулат.
БОРЖОМИ КАПЧЫГАЙЫ - Кавказ-дагы Кура д-нын өрөөнүндөгү капчыгай, ГССРинде. Кичи Кавказда-гы Месхет ж-а Триалет кырка тоолорун бөлүп жатат. Уз. 60 км ге жакын, тереңд. 1300-1500 м. Капталда-рында жазы ж-а ийне жалбырактуу токойлор өсөт. Капчыгайда Боржоми ш. жайгашкан.
БОРЖОМИ - ГССРдеги шаар, Боржоми р-нунун борбору, бальнеологиялык ж-а климатологиялык курорт. Тбилиси ш-нын багытынан 152 км. Кура д-нын өрөөнүндө. Калкы 16, 3 миң (1970). Жайы жылуу, кышы мелүүн. Б-де аш казан, ичеги, боор ж. б. оорусу бар адамдар минералдуу суу м-н дарыланат. Курорт жыл бою иштейт. Б-де минералдуу суу куюштуруу ж-а айнек з-ддору, токой техникуму, эл театры, край таануу музейи бар.
БОРЕАЛДЫК КЛИМАТ (лат. boralis, гр. boreas - түндүк) - кышы кардуу, жайы жылуу, бирок кыска болгон мелүүн алкактардагы климат. Б. к-туу аймактарга тайга ландшафттары м-н жалбырактуу токой мүнөздүү.
БОРДЮР (фр. bordure, bord-жээк) - сүрөттүн, тексттин ж. б. четин кооздоо, кыюу, түрдөө, жээктөө, кырбы-лоо; жол курулушунда жол, тротуар бойлото такта таш тизүү; багбанчы-лыкта гүлзар, клумба ж-а газонду жээктете кооз өсүмдүк өстүрүү.
БОРДУ - Кемин р-нундагы Алмалуу сельсоветине караштуу кыштак. "Комсомол" к-зунун аймагында. Р-н-дун борбору Быстровкадан 25 км түш. тарапта, Быстровка т. ж. станциясынан 24 км. Калкы 453 (1970). Башталгыч мектеп ж-а китепкана бар. ,
БОРДОС СУЮКТУГУ (Франциядагы Бордо ш-нын атынан) - өсүмдүктөрдүн грибок ж-а бактерия илдеттерине каршы колдонулуучу химиялык зат. Б. с. пайдаланылаар күнү даярдалат. 1 кг көк ташты 90 л сууга эритип, ага 10 л жаңы өчүрүлгөн 10% түү аки таш суусу кошулат. Б. с. жүзүм, алма, алмурут ж. б. өсүмдүктөрдүн илдетине каршы пайдаланылат.
БОРДОО - малды колдо багып семиртүү. Б-го көбүнчө уй, чочко, кой ж-а үй куштары коюлат. Б-нун максаты- малды тез семиртип, эттин, теринин ж-а жүндүн сапатын жакшыртуу. Б. ыгы туура пайдаланылганда, тоют аз чыгымдалып, этти арбын алууга болот. Б-нун мөөнөтү малдын, бакма канаттуулардын жашына, породалык сапатына ж-а берилген тоютка жараша болот. Мис, инек ж-а картаң уйду 60-75, ноонасты 90-120, койду 45, жылкыны 60-75 күн борго байлайт. Бул учурда уй күнүнө кеминде 800, кой 150, жылкы 600 г салмак кошот. Кырг-ндын шартында малды бордогондо жем-чөп, силос колдонулат. Респ-када малды бордоочу 15 совхоз, колхоз-совхоз аралык пункт м-н база бар. Мындан башка бакма канаттууларды бордоочу фабрика-завод иштейт. Ош обл-да, Чүй өрөөнүндө мал бордоочу ири комплекстер куру-лууда.
БОРДО - Франциянын түш. -батышындагы Жиронда департаментинин админ. борбору. Калкы 267 миң, шаар айланасы м-н 500 миңден ашык (1968). Гаронна д-нын боюндагы порт ж-а ири т. ж. тоому; өлкөнүн тышкы соода борборлорунун бири. Б. аркылуу сырттан нефть, көмүр, фосфаттар, кофе ж. б. алынып келинет. Сыртка нефть продуктуларын, кездеме, вино, жемиш ж-а балык консервалары чыгарылат. Нефть иштетүү, кеме, самолет куруу, металлургия, жүндөн кездеме токуу, тамак-аш ө. ж. ишканалары, ун-т (1441-жылдан бери) бар.
БОРБУГУЛОВ Мухтар (5. 5. 1930-ж. т., Ош обл., Сузак р-ну, Ак-Тоок кыш. ) - кыргыз совет ад-тчысы, жазуучу, тамсилчи, филол, илимд. доктору (1967), проф. (1967). 1959-жыл-дан КПССтин мүчөсү. КМПИнин тил, ад-т ф-тетин (1953), Москвадагы М. Горький атн. дүйн. ад-т ин-тунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. 1956-57-ж. "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы болот, 1957-жылдан КМУда иштейт; адегенде доцент, 1959-64-ж. журналистика кафедра-сынын башчысы, 1970-жылдан кыргыз адабияты кафедрасында проф. Чыг-лыгы 1949-Жылдан башталган. "Тамсилдер ж-а ырлар" (1955), "Там-силдер" (1956), "Тамсилдер" (1960), "Керегем сага айтам" (1964), "Тандалган тамсилдер" (1973) жыйнакта-рынын, "Элеттик жигит" романынын (1-китеп, 1964) автору. Б. кыргыз ад-тында тамсил жанрын калыптандырууда белгилүү роль ойноду. Анын кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн фольк-лордон реалисттик ад-тка өсүп, өнүгүшүнүн негизги проблемалары, реалисттик методдун калыптанышы, кыргыз совет ад-тындагы улуттук ж-а интерн, мамилелердин карым-катнашы, фольклор м-н проф. ад-т-тын эстет, табияты б-ча орус ж-а кыргыз тилдеринде жазылган ил. изилдөөлөрү бар. Айрым чыг-лары орус тилине которулган. Бир нече медалдар м-н сыйланган. Чыг. : Турмуштун тереңин кездей, Фр., 1967; Учу кыйырсыз жол, Фр., 1968; Пути развития киргизской советской драматургии, Фр., 1958; О киргизской драматургии, в кн. : Киргизская советская драматургия, М., 1959; Драматургия, в кн. : История киргизской советской литературы, М., 1970; Киргизская литература, в кн. : История многонациональной советской литературы, М., 1974; От идеализации - к исследованию, "Дружба народов", 1972, М! 10; От Манаса - к Толстому, в кн. : Живое единство, М., 1974.
Издание книг за счет автора: очень дешево!
Кыргызская Советская Энциклопедия: БОРБУГУЛОВ Мухтар